Өнөр жай ишканалары үчүн шаймандарды, сырьёлорду
жана материалдарды сатып алуу
ASKA Global Trade компаниясы шаймандарды, сырьёлорду жана материалдарды сатып алуу процессин ийгиликтүү ишке ашырып келет
Биз ар бир кардардын тапшырмасына жекече мамиле жасап, сатып алуунун эң жакшы варианттарын жана жеткирүү жолдорун сунуштайбыз.

Дүйнө жүзү боюнча жабдуучулардын жана подрядчылардын кеңири чөйрөсү ар биринин артыкчылыктарын милдеттүү түрдө түшүндүрүү менен
эки же андан көп варианттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
САТЫП АЛУУ кызматтарынын комплекси төмөнкүдөй иштердин тизмесин камтыйт
  • Жабдуучуну издөө
    Эң көп суроо-талапка ээ багыттар – Европа жана Түштүк-Чыгыш Азия. Ар бир жабдуучу баалоонун так, туура процедурасынан жана ишенимдүүлүк текшерүүсүнөн өтөт.
  • Жабдуучуга товарларды сатып
    алуу жана төлөө
    Биз ар кайсы өлкөлөрдүн валюталары менен иштейбиз.
  • Транспорттун каалаган түрү менен жеткирүү жана бажылык тариздөө
    Логистика департаменти ар бир конкреттүү долбоорду ишке ашыруу үчүн талаптарга жана спецификалык шарттарга жараша жеткирүүнүн жана бажылык тариздөөнүн бир нече варианттарын иштеп чыгат. Эң оңой жол – дайыма эле туура боло бербейт.
  • Керектүү документтердин толук топтому менен товарды кардарга өткөрүү
    Биз сизди тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн бардык татаалдыктарынан бошотобуз, адистерди, жабдуучуларды жалдоо, жеткирүү, документтер, валюталык эсептер боюнча эч кандай
    көйгөйлөр жок – бардыгын биз жасайбыз.
БИЗДИН АРТЫКЧЫЛЫКТАР
  • Товарларды сатып алууда бай тажрыйба
  • Жабдуучулар менен иштөөнүн экзклюзивдүү шарттары

  • Жеткирүүнүн варианттуулугу

  • Европадагы жана Борбордук Азиядагы консолидация кампалары

  • Ишке киргизүү-жөндөө иштери